Жарандыгы жок адам

Википедия дан

Жарандыгы жок адам же апатрид (лат. apatris жана б.-грек. ἀ + πατρίς) ― ошол мамлекеттин жараны болуп эсептелбеген жана өзүнүн кайсы бир чет мамлекеттин жарандыгына таандык экенине далили жок адам. Жарансыздык адам өзүнүн жарандыгынан ажыраганда жана жаңысына ээ болбогон учурда жаралат. Кыргызстанды жарандыгы жок адам (чет өлкөлүк жарандардай эле) улуттук режимден пайдаланат. Ошол эле учурда алар, чет өлкөлүктөрдөй эле кээбир саясий (м.: шайлоо) укуктарга ээ болушпайт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7