Жарандык коргонуу штабы

Википедия дан

Жарандык коргонуу штабы – жапырт кыргын салуучу куралдардан сактануу жана алардын кесепеттерин жоюу багытында жарандык коргонуу күчтөрүнө жана калкка жетекчилик кылган башкаруу органы. Жарандык коргонууга жетекчилик кылып, керектүү чараларды ишке ашыруу үчүн жарандык коргонуунун республикалык, крайлык, облусу, шаар-райондук штабдары тү­зүлөт. ж. коргонуу штабы негизинен жарандык коргонуунун пландарын иштеп чыгат; душмандын кол салуу коркунучу жөнүндө калкты, мекемелерди, уюмдарды алдын ала кабарлоо түйүндөрүн, элдин жапырт кырылуудан сактанышын уюштурат жана камсыз кылат; эл чарбасынын тиешелүү объектилерин кол салуу кырдаалында үзгүлтүксүз иштөөгө даярдайт. Бул милдеттерди так орундатуу үчүн жарандык коргонуу штабы кол салуу коркунучу туулганда же согуш убагында жарандык коргонуу боюнча кандай аракеттерди жүргүзүү керек экенин күн мурунтан пландайт. Кыргызстанда жарандык коргонуу штабынын милдеттерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу боюнча башкы башкармалыгы аткарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1