Жарандык мыйзамдар

Википедия дан

Жарандык мыйзамдар – жарандык жүгүртүм катышуучуларынын укуктук статусун, менчик укуктары менен ж. б. мүлктүк укуктарынын келип чыгуу негиздерин, аны ишке ашыруу тартибин, келишимдик ж. б. милдеттенмелерди жөнгө салуучу интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларына (интеллектуалдык менчикке) карата жекече укуктарды, ошондой эле башка мүлктүк жана анын катышуучуларынын теңчилик, жеке эрктик, мүлктүк өзалдынчалуулугуна негизделген мүлктүк эмес мамилелери менен байланышкан укуктарды аныктоочу ченемдердин жыйындысы. Ж. м. ишкердик жүргүзгөн, же алар менен катышы бар жактардын ортосундагы мамилелерди да жөнгө салат. Ж. м. КР Жарандык кодексинен жана КР Президентинин мыйзам ченемдүү актылары менен КР Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык жарандык мамилелерди жөнгө салуу үчүн чыгарылган башка мыйзамдардан турат. Башка мыйзамдар менен мыйзам актыларында камтылган жарандык мыйзам ченемдери КР Жарандык кодексинде шайкеш болууга тийиш. Министрликтер, ведомстволор ж. б. мамлекеттик органдардын да КР Жарандык кодекси менен мыйзамдарында ж. б. мыйзам актыларында каралган чекте жарандык мамилелерди жөнгө салуучу актыларды чыгарууга укугу бар.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]