Жаргак
Жаргак – жүнү жыдытылып, ашатылып, ийленген тери. Ал кой-эчкинин, кийиктин терилеринен ийленип жасалган. Жаргактан эркектердин шымы, өтүк, маасынын кончтору, кол кап тигилген, ат жабдыктын кээ бир бөлүктөрү жасалган. Жаргак үй-тиричилигинде супура катары да колдонулган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5