Жаргарт мрамор кени

Википедия дан

Жаргарт мрамор кени Талас районунда, Талас шаарынан 80 км чыгышта, деңиз деңгээлинен 2800– 500 м бийиктикте. 1985-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Мрамор жогорку рифей мезгилинде пайда болгон, доломиттешкен, жашыл түстүү, темгилчелүү, абдан декоративдүү. Орточо тыгыздыгы 2,72 г/см3, көзөнөктүүлүгү 1,19%, суу сиңирүүсү 0,16%, кургак абалда баскандагы бектигинин чеги 110,7 МПа, сууга каныккан абалында –101,7 МПа, жешилүүсү 1,23 г/см2. I–IV топтордогу блоктордун чыгышы 11,21%. С2 категориясы боюнча бааланган запасы 740 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]