Жаргон

Википедия дан

Жаргон (французча jargon келжир сөз) - жалпы элдик тилден айырмаланган, кандайдыр бир социалдык же кесиптик топтун речине гана тиешелүү болгон өзгөчөлүктөрдүн (сөз маанилеринин, туюнтмалардын) жыйындысы. Белгилүү гана чөйрөлөр үчүн түшүнүктүү болгон шарттуу тил же жасалма сөздөр. Жаргондордо жалпы элдик тилдеги көпчүлүккө түшүнүктүү сөздөр менен алмашылат. Мисалы, кыргызча «бөлкөнтай» гонорар. Жаргон жеке адамдардын мүнөзүн ачуу үчүн көркөм адабиятта да, кээде бурмаланган, туура эмес айтылган сөздөрдү белгилөөдө да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5