Мазмунга өтүү

Жардам:Биринчи макалаңыз

Википедия дан
Макала түзүү ― Википедияга салым кошуу ыкмаларынын бири. Макала түзүүдөн мурун Википедиянын түзөтүү негиздерин билип алып, бар болгон макалаларды түзөтүү сунушталат.

1-кадам. Жазыла турган макалаланын бар-жоктугун текшерүү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Википедиясында 78 миңден ашуун макала жазылган ― көп болбосо да, чагылдырам деген темаңыз бар болушу ыктымал. Ар бир предмет боюнча бир толук кандуу макала жазылышы керек. Бир предмет (тема) боюнча маалымат беш макалага бөлүштүрүлгөнүн элестетиңиз. Башка колдонуучуларга, эң негизгиси ― окурмандарга карата бул эмне деген кылганыбыз? Муну менен Кыргыз Википедиясына доо кетиргенибизди да унутпайлы. Бирок, мындай жагдай чынында болгон, азыр деле бар болсо керек.

Макаланын аталышы ар кандай, анын ичинде ката менен аталганын унутпаңыз. Пландаган макалаңыз табылса, капаланбаңыз. Макала бар болгону менен, көлөмү, сапаты канааттандырбашы мүмкүн.

2-кадам. Энциклопедиялык маанилүүлүгүн/ишенимдүү булактарды аныктоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пландаган макалаңыз жок экенине ынанганыңызда, анын энциклопедиялык маанилүүлүгүн аныктоо керек. Мисалы, мышыгыңыз же белгисиз сайт тууралуу макаланын энциклопедиялык маанилүүлүгү жок, бул түшүнүктүү эле болсо керек. Көпчүлүк учурда кандайдыр бир теманын энциклопедиялык маанилүүлүгү ал теманын ишенимдүү булактарда чагылдырылганы боюнча аныкталат. Башкача айтканда, Википедияда бул эки түшүнүк бир болуп калган.

Албетте, аталган принцип кандайдыр бир өлкөнүн/коомдун контекстин эске албайт. Мисалы, өлкөнүн медиа чөйрөсү жакшы өнүкпөгөнүнө байланыштуу, мамлекеттин жогорку сыйлыктарынын ээси, өз иш жаатында белгилүү адамдан убагында интервью алынбай калганы үчүн, ага тийиштүү тема боюнча китеп, макала чыкпаганы, чыкса ― интернеттен табылбаганы үчүн ал адам тууралуу ишенимдүү булактар жок же толук кандуу макала жазуу үчүн жетишсиз. Мындай учурда, ал адам тууралуу макала жарата албайсыз.

Википедиянын энциклопедиялык макаласы — келтирген ишенимдүү булактардын чыгылдыруусу.

3-кадам. Макаланы атоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Макала атооч жөндөмөдө, жекелик санда аталат, мисалы: көл, тоо. Макаланын темасы көпчүлүк булактарда кантип аталганын кунт коюп карап, эң таанымал атагын алуу керек.

4-кадам. Баракты түзүү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баракты, анын ичинде макаланы түзүү тууралуу бул жерде чагылдырылган.