Жардык, жарнама

Википедия дан

Жардык, жарнама - б.з. 5-6-кылымдарынан тартып кыргыз кагандары чыгарган жазма буйруктардын (грамоталардын) жалпы аталышы. Бул термин орус тилине «ярлык» деген формада өткөн. Жардык тигил же бул аймакты башкаруу эрежелери, аскер топтоо, согуш ачуу, жол салуу же чеп-сепил куруу жана башка маселелер жөнүндөгү хандардын буйруктары, чечимдери, бүтүмдөрү жазылып, аймак башкаруучуларына жана калайыкка маалым кылынган. Бул термин Алтын Ордо, Ногой ордосунда, Тимурийлер мамлекетинде кенен колдонулгандыгы маалым.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]