Жарды-жалчы, уюм

Википедия дан

«Жарды-жалчы» уюмуКыргызстандагы эң кедей дыйкандардын уюму. 1920-жылы январда ВКП (б)нын Кыргыз облустук 5-конференциясынын чечими боюнча «Кошчу» союзунун ордуна түзүлгөн. Жерсиз жана жери аз дыйкандар менен батрактардын кызыкчылыгын коргогон. Коллективдештирүү учурунда бай-манаптар менен кулактарды тап катары жоюуда, көчмөн жана жарым көчмөн чарбаларды отурукташтырууда, кыргыз айылдарынын калкын колхоз-совхоздорго тартууда, коллективдүү чарбаларды чыңдоодо чоң роль ойногон. «Жарды-жалчы» уюмунун 372 ячейкасы болгон. Кыргыз обкомунун 1932-жылы 5-октябрдагы чечими боюнча жоюлган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.