Жаркынбаев Асанкул

Википедия дан

Жаркынбаев Асанкул (1931-ж. т. Кемин району, Жаңы Алым айылы - 1991, Бишкек ш.) - композитор, хор дирижёру.

  • 1956-ж.Кыргыз Мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы окуу жайынын хор дирижорлоо классын бүтүрөт.
  • 1955-59-ж. Фрунзедеги № 5 кыргыз орто мектебинде хор мугалими болуп иштеген.
  • 1959-жылдан Кыргыз мамлекеттик В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунда мугалим, бир эле мезгилде Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институнун композииия классында окуган.

Аны 1976-ж. бүтүрүп. 1980-ж. аталган институттун (азыркы И. Арабаев атындагы педагогикалык, университеттин) музыкалык аспаптар кафедрасын жетектеген. Композитор негизинен ыр жана аспаптык жанрда эмгектенген, 50дөн ашык ырларды, романстарды жана хорлорду жазган.

Алардын ичинен «Кайдасың сен», «Жийденин жыты», «Сагынам», «Тагдырым cara байланган» аттуу ж. б. ырлары угармандардын арасына кеңири тараган, «Алатоо», Алтын Чүй», «Эмгек майданы» симфониялык поэмалары, фортепьяно үчүн прелюдиялары, скрипка менен фортепиано үчүн жазган сонатасы ж. б. Чыгармалары менен улуттук профессионалдык музыканын өнүгүшүнө өз сапымын кошту.

1979-ж. СССР композиторлор союзуна мүчөлүккө кабыл алынат. 1958-ж. Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө катышкан.

Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн отличниги төш белгиси, «Эмгек ардагери» медалы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.