Мазмунга өтүү

Жаркынбай Нурпаис

Википедия — ачык энциклопедия
Нурпаис Жаркынбай
Туулган датасы:

15 -январь 1939(1939-01-15) (87 жаш)

Туулган жери:

Кара-Чий айылы, Жумгал району

Ишмердүүлүгү:

поэзия

Чыгармаларынын тилдери:

кыргызча

Бааланганы:

«Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» (1994)

Сыйлыктары:

«Каарман эмгеги үчүн»

Жаркынбай Нурпаис - акын. Кыргыз Эл акыны, Эмгек сиңирген ишмери.

Нурпаис Жаркынбай 1939-жылы 15-январда Жумгал районунун Кара-Чий кыштагында туулган.

1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып, окуу жайды аяктаары менен «Ленинчил жаш» гезитинде корректор, адабий кызматкер, бөлүм башчы, редактордун орунбасары болуп көп жыл эмгектенген. 1973–1975-жж. Москвадагы Жогорку партиялык мектепте журналистика факультетин аяктап, 1975–1986-жж. «Кыргызстан коммунисти» журналынын илим жана маданият бөлүмүнүн редактору, 1995-жылдан республикалык «Советтик Кыргызстан» гезитинде адабият жана көркөм өнөр бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясында илимий редактордук кызмат өтөгөн.

Нурпаис Жаркынбай 1966-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1982-жылдан Журналисттер союзунун мүчөсү. Көп жыл бою Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын текшерүү комиссиясынын төрагасы болуп келген.

Чыгармачылыгы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде:

  • Жаштык жазы: – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 98 б.;
  • Өмүрлөр тоодон башталат: – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 78 б.;
  • Чабалекей. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 27 б.;
  • Жүрөк тартуулары: – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 78 б.;
  • Түндө кимдер уктабайт: – Ф.: Мектеп, 1976. – 28 б.;
  • Бешик ыргагы: – Ф.: Адабият, 1979. – 112 б.;
  • Мезгил бийиги: – Ф.: Адабият, 1984. – 125 б.;
  • Азаматсың жылкычы. – Ф.: Мектеп, 1985. – 30 б.;
  • Кыргыз көчү: – Ф.: Адабият, 1987. – 128 б.;
  • Таңкы торгой: – Ф.: Адабият, 1989. – 184 б.;
  • Бүчүрлөр жарылганда: – Ф.: Үлпөт өздүк басмасы, 2001.;
  • Кыргыз көчү: Поэмалар. – Б.: Байтур, 2007. – 146 б.

Каракалпак тилинде:

  • Ала-Тоо боектору: – Нукус: Каракалпакстан басмасы, 1979.– 78 б.
  • Исаев Е. Акыл соту: Поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1971.–72 б.;
  • Исаев Е. Акыл чабыты: Поэма – Ф. Кыргызстан, 1982.– 94 б.;
  • Бонч-Бруевич В.Д. Октябрдын алгачкы күндөрү: Аңгеме.–Ф. Мектеп, 1986. – 20 б.
  • Агирре Мирта. Январдан январга чейин: Ырлар.– Ф.: Адабият, 1989. – 48 б.

Анын ырлары казак, каракалпак, молдован, украин, өзбек, уйгур ж.б. тилдерге которулган. Өзү Олжас Сулеймановдун, Евгений Евтушенконун, Эдуардас Межелайтистин, Феттин, Тютчевдин, Маяковскийдин, Пушкиндин ырларын которгон.

Жетишкендиктери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз совет адабиятына жана журналистикасына сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин эки Грамотасына, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасына татыктуу болгон. В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган. 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген жогорку наам ыйгарылган. Азыр персоналдык пенсияда.