Жарнама

Википедия дан

Жарнама – КР мыйзамдары боюнча жеке адамдар же юридикалык жактар, товарлар, идеялар жана жаңы башталыштар жөнүндө кандай гана каражаттардын жардамы менен болбосун таратышкан, адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө арналган маалыматтар. Ошол эле адамдарга жана юридикалык жактарга, товарларга, идеяларга жана жаңы башталыштарга кызыгууларды жаратууга жана калыптандырууга багытталган, ошондой эле товардын, идеялардын жана жаңы башталыштардын сатылып кетүүсүнө, ишке ашуусуна өбөлгө болгон маалыматтар. Ж. эч кандай атайын билим, даярдык жана техникалык каражаттарсыз эле таанылышы, түшүнүктүү болушу керек. Ж. мамлекеттик же ырасмий тилдерде таратылат. Ж. ойдогудай жана ойдогудай эмес болушу мүмкүн. Ойдогудай Ж-нын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: ак ниеттүү эмес, ишенимсиз, этикага жатпаган, көз көрүнөө жалган жана башка маалыматтуу, анын мазмунуна, ордуна, убактысына жана таратуу ыкмасына карата КР мыйзамдарында белгиленген талаптар бузулган. Юридикалык жактардын имараттарына тагылган иштөө тартиби, кардарларга кызмат көрсөтүүнүн эрежелери жана товарларды, идеяларды жана жаңы башталыштарды Ж-лоо мазмуну жок маалыматтык такталар, башка маалыматтар Ж. болуп саналбайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]