Жарташ курорт зонасы

Википедия дан

Жарташ курорт зонасыМосква районундагы бальнеол. курортко ылайыктуу аймак. Беловодский т. ж. бекетинен 30 км түштүктө, Бишкектен 100 км түш батыш тарапта (Бишкек ш. м-н авт. жолу аркылуу байланышат).

Кыргыз Алатоосунун түн. капталында, деңиз деңг. 2400 м бийиктикте жайгашкан. Климаты мелүүн континенттик. Кышы мелүүн суук (январдын орт. темп-расы –5°С); жайы салкын (июлдуку –17°С). Жылдык жаан-чачыны 650 ммдей. Жылдык орт. салыштырмалуу нымдуулугу 59%. Дарылоочу негизги табигый фактору – көмүр кычкылтектүү гидрокарбонаттуу магний-кальцийлүү суу (минералдануусу 1,6 г/лге чейин); составында темир (10–12 мг/л) бар. Суткалык дебити 1728 м3ге жеткен эки скважинасы пайдаланылат. Суусу дарылоо-суусундук катары «Аксуу» деген ат м-н («Жарташ нарзаны» деп да аталат) бөтөлкөгө куюлуп алынат. Ашказан, ичеги, боор, өт жолдору оорулуулар пайдаланат. О. эле, к. Аксуу (Жарташ) минералдуу суусу макаласын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2