Жарыктын импульс булактары

Википедия дан

Жарыктын импульс булактары - мезгили менен кайталанма же бир жолу жарк этме жарыкты алууга ылайыкталган жарык булактары.

Жарк этүүнүн узактыгы мксек нын бөлүктөрүнөн ондогон мксек га созулат. Ар кандай энергияны жарык нурлануусуна айландыруу боюнча Жарыктын импульс булактары эки типке бөлүнөт.

Биринчи типке тыгыздалган учкун разряддар, жарылуучу зым, Пинч эффектней ж. б. аркылуу алынган төмөнкү тепмературалуу плазма колдонулуучу приборлор кирет.

Экинчи типке кирген булактардын иштеши ток өткөндө же электрон менен нурлантканда люминофордун кыска убакытка дүүлүгүшүнө негизделген.

Жарыктын импульс булактары автоматика менен телемеханикада жарык башкаруу жана информация берүү каналдарында, оптикалык локация жана байланышта, оптикалык телефония, алыстыкты жана калдыктарды өлчөгүчтө ж. б. учурда колдонулат.

Жарыктын импульс булактары менен фоторегистрация, клише ж. б. жасоочу приборлор иштелип чыккан. Жарыктын импульс булактарын өркүндөтүү башкаруунун диапазонун кеңитүу, ишенимдүүлүгүн жана кепке чыдамдуулугун арттыруу багытында болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.