Жарык автоматтык катар

Википедия дан

Жарык автоматтык катар - өндүрүш процессинин айрым операциясын орундатууда адам катышуусу талап кылынган машиналардын негизги жана көмөкчү комплекстер системасы.

Жарым ажыроо мезгилинде айрым агрегаттарды жүргүзүү же токтотуу, иштетилүүчү тетикти бекитүү же жылдыруу иштерин адам аткарат, ал эми иштетүүнүн калган бардык операцияларын автомат аткарат. Автоматтык катар сыяктуу эле Жарык автоматтык катарда иштеп чыгарылуучу продукция толугу менен иштетилет же иштетүү процессинин айрым түрү аткарылат.

Жарык автоматтык катар автоматтык башкаруу системасы менен башкарылат. Иштетилүүчү тетикти катарга орнотулган бир агрегаттан экинчи агрегатка жылдыруу үчүн штангалуу, грейфердүү, пластинкалуу, чынжырлуу ж. б. транспортёрлор колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.