Жарык аралык ченегич

Википедия дан

Жарык аралык ченегич - оптикалык ченегич – аралыкты жарык (оптикалык нурдун) басып өткөн убакыт боюнча ченөөчү курал. Ал жарык булагы, анын параметрин (өлчөмүн) тескөөчү түзүлүш, берүүчү, кабыл алуучу система (түйүн), фото-кабыл алгыч жана убакыт аралыгын ченегич түзүлүштөрдөн турат. Жарык аралык ченегич нурдун объектиге чейин жана андан кайра келүү убактысын эсептөө ыкмасына жараша импульстуу жана фазалуу болуп бөлүнөт. Импульстуу жарык аралык ченегичте нурлануу булагы катары лазер колдонулат. Анын нуру кыска импульс түрүндө таралат. Жай өзгөрүүчү аралыкты ченөөдө жекече импульстуу, тез өзгөрүүчү аралыкта нурлануунун импульстук режими (тартибин) пайдаланылат. Фазалуу жарык аралык ченегичте жарык булагы катары кызытма же газ-жарык лампалары, жарык диоду жана лазер колдонулат. Оптикалык чагылдыргычы бар газ-лазерлүү жарык аралык ченегич 100 кмге чейинки аралыкты аныктайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1