Жарык дифракциясы

Википедия дан

Жарык дифракциясы – жарык толкунунун жолунда кезиккен тоскоолдукту айланып өтүү жана таралуу багытын өзгөртүү кубулушу. Дифракция жаратылыштагы толкундарга тиешелүү кубулуш болгондуктан, жарык дифракциясы жарыктын толкундук касиетинин пайда болуу жана геометриялык оптикага өтүү шарттары менен тыгыз байланыштуу. Бул кубулушту 17-кылымда италиялык физик жана астроном Ф. Гримальди ачкан. Ал эми жарык дифракциясы теориясын француз физик О.Френель түзгөн (1816). Бул теория Гюйгенс-Френель принцибине негизделген жана жарыктын мейкиндикте таралышын түшүндүрөт. Бирок бул принцип мейкиндиктин ар кандай чекитиндеги жарыктын ургаалдуулугун табууга мүмкүнчүлүк бербейт. Мындай кыйынчылыкты Френель зоналык тилкелер ыкмасын колдонуп чечкен. Мисалы, чекиттик булактан чыккан жарык тешикче (сүрөт а) же тунук эмес тегерек нерсе (сүрөт б) аркылуу өткөндө, экранда жарык жана караңгы тегерек сүрөттө­лүштөр байкалат. Эгер тешикчеге френель зонасынын жуп саны сыйса, дифракциялык сүрөттөлүштүн борборунда кара так, ал эми так сан сыйса, жарык көрүнөт. Көпчүлүк спектр алеттеринин (телескоп, микроскоп) иштеши жарык дифракциясына негизделген. Лазердин пайда болушу жарык дифракциясын туура жана кеңири түшүндүрүүгө көмөкчү болду.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1