Жарык поляризациясы

Википедия дан

Жарык поляризациясы - табигый жарыктан белгилүү тегиздикте термелүүчү жарыш толкундарын бөлүп алуу кубулушу.

Жарык толкундарынын туурасынан таралышы анын поляризацияланышын шарттайт. Жарык чыгаруучу кадимки булактын атомдору дайыма баш аламан жылуулук кыймылында болгондуктан алар чыгарган жарык толкундун термелүү тегиздиги бардык багыт боюнча үзгүлтүксүз өзгөрүп турат. Ошондуктан Күн, электр лампасы ж. б. жарык булактарынын таасири бардык багытта бирдей. Мындай жарык табигый же поляризацияланбаган жарык деп аталат.

Табигый жарык поляризатор аркылуу өткөндө же затта сынганда, чагылганда, анын кандайдыр бир тегиздиктеги термелүүсү калат. Бул кубулуш Жарык поляризациясы деп аталат.

Жарык поляризациясы сахарометрде, автомобилдин маңдайкы айнегинде ж. б. колдонулат

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.