Жарык чоңдуктары

Википедия дан

Жарык чоңдуктары – нур энергиясынын көзгө таасир этиши боюнча жарыктын нурлануу, таралуу жана кайра жаралуу (чагылуу, өткөрүү жана ушундай сыяктуу) процесстерин аныктоочу чоңдуктар. Көрүү сезими нур энергиясынын кубаттуулугуна жана спектрдик курамына жараша өзгөрөт. Алар жарык булагын жарык чыгаргыч катары мүнөздөйт. Негизги жарык чоңдуктары – жарык агымынын көрүү сезимге таасири боюнча аныкталуучу нур энергиясынын кубаттуулугу. Аны ченөө бирдиги – люмен. Жарык агымынын белгилүү убакыттагы таасири жарык энергиясын аныктайт. Бул эки негизги чоңдукту жарык чыгаруучу нерсенин аянты, жарык түшкөн бет жана көлөмдүк бурчтун чоңдугу менен байланыштырып, жарыктануучулук, жарык күчү, жаркырактык сыяктуу жарык чоңдуктарын аныктоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1