Жарылгыч заттын дүрмөтү

Википедия дан

Жарылгыч заттын дүрмөтү - массасы менен формасы алдын ала эсептелип дүрмөткө коюлган жана жаргыч менен жабдылган жарылгыч зат.

Жардыруу иштеринин максатына карай Жарылгыч заттын дүрмөтү түрдүү салмакта жана формада болот. Алардын ичинен тонтолгон (сфера, куб түрүндөгү) жана сүйрү (цилиндр, жалпак түрүндөгү) дүрмөттөр көбүрөөк колдонулат. Тоо-кен өнөр жайында тектерди талкалоо үчүн атайын шпур же скважина бургуланып, алардын ичине сүйрү дүрмөттөр гана коюлат.

Жардыруу иштерин жүргүзүүдөгү эң негизги максаттардын бири керектүү дүрмөттүн салмагын аныктоо болуп эсептелет

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.