Жарым көлөкө
Көрүнүш
Жарым көлөкө (полутень) – жарык шаңынын (натурада жана анын сүрөттөлүшүндө) негизги элементтеринин бири. Ал предметтин жарык түшүрүлгөн бөлүктөрүнөн көлөкө түшкөн бөлүктөрүнө өтүүгө ылайыкташкан орточо жарык шаң градацияларын өз ичине камтыйт. Ансамблде же сүрөттөөнү деталдаштырууда жарым көлөкөнүн тууралыгы анын жарык менен көлөкөгө болгон туура катышына көз каранды; жарым көлөкөнүн абсолюттуу (толук) жарык күчү бир кыйла чектерге чейин жетет. Термин, адатта көлөмдүү форманы моделдөөдө көп кездешет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|