Жарым өткөргүчтүү электроника

Википедия дан

Жарым өткөргүчтүү электроника – жарым өткөргүч элементтерине негизделген электроника. Жарым өткөргүчтүү электроника жарым өткөргүч приборлордо өтүүчү процесстерди изилдейт, ошондой эле ар кыл жарым өткөргүч приборлорду, түзүлүштөрдү куруунун теориясын жана тажрыйбасын камтыйт. Жарым өткөргүчтүү электрониканын приборлору, түзүлүштөрү турмуштун ар кыл чөйрөсүндө (өндүрүштө, байланышта, космос аппараттарында, турмуш тиричиликте жана башка) абдан кеңири жайылды. Чоң интегралдык схемалар (чиптер), микропроцессор сыяктуу учурда чыгарылып жаткан көпчүлүк түрдүү аппараттардын, механизмдердин, приборлордун негизги куруучу элементтери катары колдонулат. Азыркы микроэлектроникадагы, компьютер техникасындагы жетишкендиктер, глобалдык интернет тармагынын кеңири таралышы, сигналдарды экилик санарип түрүндө кабыл алуу жана таратуу коомго маалымат революциясын алып келди.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1