Жарым өткөргүч приборлор

Википедия дан

Жарым өткөргүч приборлор – жарым өткөргүчтөрдүн касиеттерине негизделип жасалган электрондук приборлордун жалпы аты. Жарым өткөргүч приборлорго варисторлор, жарым өткөргүчтүү диоддор, транзисторлор, фоторезисторлор, фотодиоддор, фотоэлементтер жана ушундай сыяктуу кирет. Ал электрдик термелүүлөрдү пайда кылуу, күчөтүү жана кайра өзгөртүү (диод, транзистор, тиристор), бир сигналды башка сигналга (фоторезистор, фотодиод, фототранзистор жана башка) жана энергияны бир түрдөн башка түргө (термоэлемент, термоэлектрдик генератор, күн батареясы жана башка) өзгөртүү, ошондой эле электрдик жана механика чоңдуктарды өлчөө үчүн колдонулат. Жарым өткөргүч приборлор электр вакуумдук приборлорго салыштырганда компакттуу, талап кылынган кубаттуулугу жана массасы аз; бышыктыгы, иштөө мөөнөтү жана ишенимдүүлүгү жогору. Жарым өткөргүчтүү интегралдык микросхемалар жарым өткөргүч приборлордун өзгөчө классын түзөт. Интегралдык микросхема (чип) – толук жеткиликтүү электрондук чынжыр. Азыркы кездеги компьютерлердин аппарат бөлүктөрү ар кандай микропроцессордук чиптердин негизинде куралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1