Жар көрүшүү

Википедия дан

Жар көрүшүү – салттуу үйлөнүү үлпөтүндө аткарылуучу жөрөлгө. Эки тарап кудалашкандан кийин күйөө жана күйөө жолдош болочок колуктусунун (кыздын) айылына келип, четирээк жерге түшкөн. Ошол жерге кыз тараптагылар атайы боз үй тигип, кыз оюнун өткөрүүнү күйөө жана күйөө жолдоштон талап кылышкан. Оюн жүрүп жатканда кыз-күйөө 1-жолу бирин бири көрүшкөн. Салт боюнча кыздын жеңелери кыз-күйөөнү далыларын тийиштире тургузушкан. Күйөөнүн сол колу кыздын ийнинен артылып төшү жакка сунулат, ошол эле мезгилде кыз оң колун удаалай күйөөнүн ийнинен артылтып толгото имергенде бири-бирин тарткандай болушат. Бир-эки жолку аракеттен кийин колдор ажырашаар маалда күйөө эпчилдик менен имерилип кызды өбөт. Кыз-жигит тарап болушуп жар көрүү ырларын аткарышып, күйөө жолдош кыздын жеңелеринин талаптарын аткарып камдай келген белектерин тараткан.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.