Жасалгалык

Википедия дан

Жасалгалык живопись (латынча decorare – кооздоо) – негизги маанисинде – предметтин конструкциясын жана функциясын жасалгалоо же баса көрсөтүү максатында (монументалдык живопистен айырмаланып) архитектуралык ансамблдин курамына же жасалга-колдонмо көркөм искусствосуна кирген живопись. Бул термин орнаменттик саймалап жазууга жана өз алдынча идеялык образдуу мааниге ээ эмес, жасалгалык натыйжалуулукка эсептелинген көркөм сүрөттөлүүчү композицияларга да таандык. Ж. ж. монументалдык живопись сыяктуу эле сайма, панно, мозаика түрүндө аткарылат. Кеңири жана анча так эмес маанисинде (станоктук живописке карама-каршы коюуга негизделген) «живопись» деген түшүнүк кээде монументалдык живопись жана да театр жасалгасын өз ичине камтыйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]