Жасалма булгаары

Википедия дан

Жасалма булгаары – ар түрдүү кийим, галантерея жана техникалык буюмдарды жасоодо табигый булгаарынын ордуна колдонулуучу полимер материал. Жасалма булгаарынын төмөнкүдөй түрлөрү чыгарылат: жумшак, бут кийим резиналары, галантерея жана бут кийим картону. Бут кийим резиналары негизинен бутадиен-стирол каучугунан алынып, бут кийимдин такасын, таманын жана башка жасоодо колдонулат. Бут кийим жана галантерея картону булалуу материалдан алынат. Негизги сырьё катары целлюлоза, кебез булалар, табигый булгаарынын майдаланган калдыктары пайдаланылат. Жумшак Жана башка кездеме, согулган материал, кагаз, түрдүү булаларды резина желими же латекс, поливинилхлорид пастасы, полиамид жана башка плёнка пайда кылуучу заттар менен иштетүүдөн алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1