Жасалма бөйрөк

Википедия дан

Жасалма бөйрөк - гемодиализатор – бөйрөктүн кызматын аткаруучу аппарат. Жасалма бөйрөк организмди алмашуу продуктусунан бошотот, бөйрөктүн катуу кармаган жана өнөкөт кемтигиндеги физиологиялык процесстерди жөнгө салат, ошондой эле ууланганда уу заттарды, ал эми дене шишип кеткенде, ашык сууну бөлүп чыгарат. 1913-ж. америкалык илимпоз Ж. Абель диализ үчүн түзгөн аппараттын негизинде 1944-ж. голланд илимпозу В. Колф жасалма бөйрөк аппаратын жасап, биринчи жолу колдонгон. Гемодиализде (жасалма бөйрөк иштегенде) оорулуунун каны төмөнкү көңдөй венадан сордуруп алынып, диализдөөчү эритмелер менен жарым-жартылай тазалангандан кийин, сырткы веналардын бирине кайра куюлат. Жасалма бөйрөк Кыргызстанда 1963-жылдан атайын адистешкен жайларда колдонулат. ==Колдонулган адабияттар== “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1