Жасалма минералдар

Википедия дан

Жасалма минералдар – лабораториялык же техникалык процесстердин натыйжасында алынган кошунду заттар. Физикалык касиеттери боюнча алар көп учурда табигый минералдардан кем калышпайт. Жасалма минералды өндүрүүнүн лабораториялык жолдору КР УИАнын окумуштуулары тарабынан да өздөштүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1