Жасалма мутациялар
Жасалма мутациялар - мутациялардын (тукум куума өзгөргүчтүктүн) санынын кескин түрдө жогорулашы биринчи жолу тажрыйба жүзүндө рентген нурларынын таасири менен алынган. Бул нурлардын таасири астында, алынуучу мутациялардын санын 150 жолу жана андан да көп жогорулатууга мүмкүн болгон. Мына ошондон тартып, мутацияларды эксперименттик жол менен алуу, эң эле ар кандай организмдерде - вирустардан жана бактериялардан , сүт эмүүчүлөргө чейинки организмдерде жана гүлдүү өсүмдүктөрдө иш жүзүнө ашырылган.
Рентген нурларынан сырткары мутациялар башка ар кандай физ. (гамма нурлары, нейтрондор, протондор, жогорку жана төмөнкү темп-ралар жана башка), хим. (этиленамин, колхицин, бензопирен, азоттук к-та жана башка), биологиялык (вирустар( токсиндер жана башка) таасирлер аркылуу пайда болушу мүмкүн.
Кийинки убактарда мутациялардын багытына таасир этүүнүн кээ бир жолдору белгиленип жатат. Мутацияларды алуунун практикалык чоң мааниси бар. Анткени тукум куума өзгөргүчтүк кескин түрдө жогорулап, тандоо үчүн материал берет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|