Жасоол
Көрүнүш
Жасоол - кыргыз коомундагы кагандын, мамлекеттик башкаруучу өкүлдөрүнүн буйругун, чечимин аткарган адам. Байыркы кыргыздардын бул мамлекеттик башкаруу иерархиясындагы кызмат титулу Энесай кыргыздарында 18-к. баш чендерине чейин жашап келди. Жасоол кызматтык титулу орустарга «есаул» формасында өтүп, орус армиясында 20-к. баш чендерине чейин жашап келди.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|