Жатан кыштагы

Википедия дан

Жатан кыштагыОш облусунун Ноокат районундагы кыштак. Т. Зулпуев атындагы айыл округуна караштуу. Кыр-кол суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1250 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 5 км түндүк-чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 35 км. Калкы 1723 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана бар. ФАП иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1