Жатан (ятан) көмүр кени

Википедия дан

Жатан (ятан) көмүр кени Ош облусунун Ноокат районунда, Хошчан (Кыркол) суусунун оң жээгинде, Жалгызарча кырка тоосунун түштүк капталында. Кен 1902-жылдан белгилүү, издөө жана чалгындоо иштери 1934-жылдан 1987-жылга чейин мезгил-мезгили менен жүргүзүлгөн. Көмүр кабаттары юра тоотек катмары менен байланышкан. Кендин негизги структурасы жантайып жаткан синклиналдык бүктөлүү. Көмүрлүү катмарда 3 кабат бар, анын ичинен төмөнкү «Негизги» деп аталган татаал түзүлүштөгү кабат өнөр жайлык мааниге ээ, калган жогорку эки кабат линза түрүндө болуп, практикалык мааниси төмөн. «Негизги» кабатынын жалпы калыңдыгы 1,73 мден 31,11 мге чейин өзгөрөт. Сапаты боюнча кендин көмүрү күрөң көмүр маркасына таандык. Көмүрдүн орточо күлдүүлүгү 21,35%, күйүү жылуулугу 27,53 МДж/кг (6578 ккал/кг) түзөт. Жер үстүнөн ачык казып алуу запасы 1286 миң т, жер астынан казып алуу запасы – 15450 миң т, бардыгы С1 жана С2 категориясы боюнча 16736 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]