Жатындын түшүшү

Википедия дан

Жатындын түшүшү аялдын ички жыныс органын кадимки абалда кармап туруучу жамбаш чарасынын булчуңдары бузулганда жана тонусу начарлаганда болот.

Демейде жатын байламтасынын жана ич чыңалтмасынын алдыңкы булчуңдарынын начарлашы менен коштолот. Көбүнчө улгайган, көп төрөгөн, чаты айрылган, төрөттөн кийин тез эле оор кара жумушка аралашкан аялдарда болот. Башында ал аялдын тынчын албайт. Эгерде дарыланбаса оору күчөйт. Ичтин төмөн жагы тартылышып, ооруп, бел, куймулчак ооруйт, бара-бара заара бөлүп чыгаруу бузулуп (жөтөлгөндө, бир нерсе көтөргөндө заарасын кармай албай калат), ич катат. Жатын менен жатын кыны толук түшүп калганда заара ушата албай калат. Түшкөн жатын, жатын кыны кыпчылып калып, кайра киргизүү кыйын болот. Аны көпкө төшөктө жатып гана, ордуна келтирүүгө болот.

Мындай оорулуунун жалпы абалы начарлап, эмгекке жарамдуулугун көпкө жоготот. Жатындын түшүшүн алдын алуу үчүн жыныс органдарынын ылдыйлаганы байкалганда дароо врач-гинекологго кайрылып, анын көрсөтмөсүн (кара жумуш жасабай, айыктыруучу физкультура жасап, курсак чыналтмасы чоюлуп калганда бандаж кийүү) так аткаруу зарыл. Жатыны түшкөн аялдар операция жасаткандан кийин төрөсө болот. Операция жасоого мүмкүн болбосо жатын шакекчесин кийип жүрүү сунуш кылынат. Шакекчени врач тандап коёт. Аны койгондон кийин күндө жатын кынын жууп, ай сайын врачка көрүнүп туруу керек.

Ооруну алдын алууда төрөттөн кийин аялдар өзүн (к. Төрөттөн кийинки мезгил) жакшы сактап, оор кара жумуш жасабай, жамбаш чарасынын, курсактын булчуңдарын чыңдоочу гимнастикалык көнүгүүлөрдүн, төрөттөн айрылган чаткаякты убагында тигүүнүн мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8