Жаштар саясаты

Википедия дан

Жаштар саясаты - коомдун, анын ар кандай топторунун, социалдык институттарынын калктын өзүнчө чоң демографиялык табу сыяктуу жаштарга мамилеси, ошондой эле жаштардын өзүнүн калктын башка топторунун жана катмарларынын, социалдык институттарынын жана адамдарынын (топтордун жана институттардын өкүлдөрү катары) өкүлдөрүнө, жалпысынан башка социалдык топторго, социалдык институттарга, коомдун баалуулуктарына болгон мамилеси катары аныкталат.

Жаштардын социалдык мартабасы жана турмуш сапаты көп деңгээлде бардык өз ара мамилелердин уюшкандыгына байланыштуу болот. Кыргызстанда 14ттөн 35ке чейинки адамдар жаш деп саналышат жана жаштардын категориясына кирет. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандын жалпы калкынын 48% жаштар түзгөн. 2013-ж. башына карата калктын орточо курагы - 27,2 жашка барабар, эркектер - 26,3, аялдар - 28,1 жаш.

Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик Жаштар саясаты 2000-ж. 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин указы менен бекитилген «Кыргызстанда 2010-ж. чейин жаштарды өнүктүрүү боюнча Улуттук «Жаштык» программасында аныкталган. Бул программа толугу менен ишке ашпаса да анын маанилүү жыйынтыктарынын бири - жаштардын жашоо-турмуш маселелерине тийиштүү бир катар мыйзамдардын кабыл алынышында. Мындай чен-өлчөмдүк актыларга «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө», «Билим берүү жөнүндө», «Баштапкы кесиптик билим берүү» ж.б. кошууга болот.

Жаштарды билим берүүгө тартуу көрсөткүчтөрүнүн жогору экендигине карабастан билим берүү сапатынын начардыгы негизги маселе бойдон кала берген. Ушундай абалга байланыштуу, жаш кадрлар эмгек базарында тажрыйбалуураак талапкерлер менен атаандаша албайт. Буга окшогон жагдайларда, расмий маалыматтар боюнча жаштар Кыргызстандын жумушсуздарынын ичинде 98%ды түзөөрү анча деле таң калтырбайт. Көптөгөн изилдөөлөр боюнча, социалдык-экономикалык катаалчылык шарттарында жаш муундун акыбалы башка жаштагы топторго салыштырмалуу начар болуп эсептелет. Жаштар өзүн-өзү ишке ашыруунун көптөгөн мүмкүндүктөрүнөн ажырап калгандыгын моюнга алуу керек, чоң кишилердин турмушуна кирүү үчүн керек болгон баштапкы мүмкүндүктөр жаштарда жокко эсе.

Жаштарды жумуш менен камсыз кылуу боюнча зарыл шарттардын жоктугу жалаң эле эмгек миграциясынын өсүшүнө эмес, ошондой эле кылмыш жана баңгилик сыяктуу терс көрүнүштөргө да алып келүүдө. Кыргызстандын жаштары көбүрөөк криминалдуу демографиялык топ болуп эсептелет. Мис., укук бузуулардын жарымынан көбүн 30 жашка чейинкилер, ошондой эле 7% жашы жете элек балдар жасашат. Уурдап-тоноочулук, тентектик, баңгилерди мыйзамсыз жүгүртүү жаштардын арасындагы кылмыштын көбүрөөк таралган түрлөрүнөн

Акыркы 10-15 жылда баңгилик көз карандылыктан жапа чеккен адамдардын саны 6-8 эсе өсүп кеткен. 2013-ж. 10 миңден ашык жаштар наркологиялык диспансерлердин эсебинде турушкан. Ошенткен күндө да баңгилик жыл сайын жашарууда. Расмий маалыматтар боюнча, баңгини биринчи ирет 10-12 жаштарында пайдаланышат, бацгинин орточо жашы 13-14 жашты түзөт.

Бишкектеги СПИД Борборунун маалыматтары боюнча, 2009-ж. 1-январына Кыргызстанда ВИЧ-инфекция жуктуруп алган 2031 кокустук катталган, анын 550сү 2008-ж. жуктуруп алгандар. Алардын басымдуу көпчүлүгүн 25тен 35ке чейинки репроцуктивдуу курактагы жаштар түзөт. Миграция боюнча эл аралык Уюмдун маалыматтарына ылайык, жыл сайын Кыргызстандын 4000 ашуун жаш аял киши сатуу курмандыктарына айланышат. Ошол эле кезде киши сатып соода кылуу жыл санап өсүүдө. Сооданын 10% курмандыктары жашы толо элек өспүрүм балдар. 2010-ж. 7-апрелдеги кандуу саясий төңкөрүштөн жана өлкөнүн түштүгүндөгү этностор аралык кагылышуудан кийин жаштар маселесин чечүү приоритеттүү деп жарыяланып, атайын түзүлгөн жаштар иштери боюнча министрлик иш алып барууда. Азыркы мезгилде жаш муундарды өнүктүрүүгө багытталган бир катар мамлекеттик жана социалдык милдеттер Жаштар саясаты катары эсептелет. Жаштар саясатынын максаты экономикалык, саясий жагымдуу шарттарды, ошондой эле жаштардын турмуш сапатын жакшыртуу үчүн укуктук кепилдиктерди түзүүдө турат. Жаштар пайызы улам барган сайын өсүп бара жаткандыктан улам, жаштар «өлкөнүн өсүшүнүн стратегиялык байлыгы» деп айтууга болот. Ушуга байланыштуу мамлекеттин алдында жаштардын өзүн-өзү ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзө ала турган саясатты аныктап чыгуусу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8