Жашыл-Көл мөңгүсү

Википедия дан

Жашыл-Көл мөңгүсүАлай кырка тоосунун батыш бөлүгүнүн түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Сох суусунун сол курамы Актеректин алабынан орун алган. Узундугу 5,5 км, аянты 4,4 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4650 м, этеги 3200 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3900 м, абляция облусунун аянты 2,0 км2. Мөңгүдөн Актерек суусунун оң куймасы – Жашылкөл өзөнү башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]