Жашырын жазуу

Википедия дан

Жашырын жазуу (криптография) - тар чөйрөгө гана түшүнүктүү жазуунун өзгөчө системасы.

Орус жазуусунда Жашырын жазуу 12-13-кылымдан тартып учурайт. Байыркы чыгыш славяндар Жашырын жазуу максаты үчүн кириллица тамгаларынын ордуна башка алфавиттердин тамгаларын, асыресе глаголицаны пайдаланышкан (12-13-к.).

15-кылымдан бул максатта грек тамгалары, 17-18-кылымдан латын алфавитинин тамгалары да колдонула баштаган.

Жашырын жазуу үчүн 14-кылымда Стефан Пермский алиппе ойлоп чыгарган (Пермь алиппеси деген ат ошондон калган).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.