Жашырын окуя

Википедия дан

"Жашырын окуя" (англ. The Secret History) - 1992-жылы Alfred A. Knopf басмаканасындан жарыкка чыккан, Миссисипиде туулган Донна Тарттын алгачкы романы. Китептин биринчи басылышында 75 000 нускасы жарыкка чыккан (адатынча биринчи романдарга 10 000 нусканын басылышы тапшырыкка берилет), ошону менен роман эң көп сатылган китептердин бири болгон.

Романдын окуясы Жаңы Англияда орун алган, анда Тартт 1982-1986-жылдар арасында окуган Беннингтон колледжине окшош болгон (Беннингтон, Вермонт) Вермонттогу кичинекей элиталык Хэмптен колледжинде окуган бир-бири менен тыгыз байланышта болгон алты классик студенттердин окуясы баяндалат.

Чыгармадагы окуя көмкөрүлгөн детектив сымал, анда "ким кылды?" суроосу эмес "эмне үчүн?" деген суроо ортого коюлган.

Окуя алты студенттердин бирөөсү - Ричард Папендин атынан баяндалат, ал группасында өлтүрүүгө алып келген кылмышка бир нече жыл өткөндөн кийин көңүл бурат. Өлтүрүү жөнүндө романдын башында айтылат, бирок окуялар ырааттуу түрдө пайда болот. Романдын биринчи бөлүмүндө, Папен бизге Эдмунд "Банни" Коркорандын өлүмүн жана кылмыштын бир канча деталдарын айтып берет. Романда академиялык жана социалдык жактан өзүнчө турган классик студеннердин бири болгон Баннинин өлүмүнүн окуясы жана анын кесепеттери изилденет.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]