Жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссия

Википедия дан

Жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссия - мектептен сырткары калган «көчө балдары», «базар балдары» м-н иштөө шаардык, райондук, обл. ички иштер башкармасынын алдында б-ча юристтерден, мугалимдерден, психологдордон, врачтардан, ж. б. коомчулук өкүлдөрүнөн түзүлүп, атайын таалим-тарбия иштерин жүргүзүү милдетин аркалаган уюм.

Бул комиссиянын чечими б-ча балдарын карабаган, аларды туура эмес тарбиялаган граждандарды ата-энелик укуктарынан ажыратып, алардын ордуна башка кам көрүүчү адам дайындоо алат, алар ж-дө сот органдарына жолдомо даярдалат же мамлекеттин атайын таалим-тарбия мекемелерине жөнөтүлөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6