Жаш курактык класстар

Википедия дан

Жаш курактык класстар — жаш курактагы топтор, жаш курактагы баскычтар, алгачкы общиналык коомго мүнөздүү эркектер менен аялдардын өздөрүнө тиешелүү укук жана милдеттери бар жеке жаш курактагы категорияларга бөлүнүшү. Көбүнчө төрт курактан бөлүшөт: балдар, улан-кыздар, чоңдор, карылар. Биринчи топтон экинчи топко өтүү өтө маанилүү болгон. Бул мезгилде балдарды уруктун мүчөсү катары турмушка даярдоо, инициация өткөрүлөт. Айрым коомдордо, өзгөчө Чыгыш Африкада, жаш курактык класстар өз аты, уюму, жол башчылары бар эркектердин өмүр бою жашай турган бирикмесине өсүп чыккан; балдар төрөлгөндө эле бирикмеге бекитилет, белгилүү бир убакыт өткөндө бир баскычтан кийинки баскычка өтүп турат. Эмгектин аял-эркектердин, балдар менен чоңдордун арасында бөлүнүшүнүн натыйжасында пайда болуп, жаш курактык класстар алгачкы коомдо өкүм сүргөн, калдыктары таптык коомдордо да сакталып калган. Мисалы, Батыш Европа, Кавказ, Орто Азия жана башкалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]