Жаңгак чертмей

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—6 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда жаңгактар колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катышуучулардын адегенде экөө оюнга чыгат. Бирден жаңгактарын бир бириккен 1 метрдей аралыкка коюшуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ар бир оюнчу өзүнүн жаңгагын чертип, шеригинин жааганына тийгизүүгө тиш. Эгерде чертилген жаңгак, атаандашып жаңгагына тийсе, ал жаңгакты утуп алат. Утулган жаңгактын ээси, кайрадан жерге жаңгагын койгондон кийин, оюнду жаңгакты уткан оюнчу улантат. Эгерде чертилген жаңгак, тийбей калса оюндун кезеги анын атаандашына өтөт. Ошентип оюн каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Көп жаңгакты уткан оюнчу уткан болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине тоскоолдук кылууга, себепсиз жаңгактарга тийүүгө, жыдыгандан кийин, оюнду кезексиз улантууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда манжалардын күчү, ийилчээктеги тарбияланат, чындыкка үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]