Жаңыбаева Ширинкан (Майкан Кызы)

Википедия дан

Жаңыбаева Ширинкан (Майкан Кызы) (1960-1980) – акын. Токтогул районунун Кара-Жыгач (Кызыл-Жазы) айылында 1960-жылы туулган.

1977-жылы айылындагы Кызыл-Жазы орто мектебин аяктап, Фрунзедеги В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтуна тапшырып, библиотека-библиография бөлүмүндө окуган.

1976-жылы Токтогул райондук «Учкун» гезитине ырлары байма-бай жарыялана баштаган. Кийин республикалык «Ленинчил жаш» гезитинде, «Кыргызстан маданияты» жумалыгында, «Жаш Ленинчил» журналында жарыяланган.

1980-жылы анын «Жазгы жамгыр» аттуу ырлар жыйнагы Кыргызстан жазуучулар Союзунун жаштар секциясында талкууланып, «Мектеп» басмасына жарыкка чыгаруу үчүн тапшырылып, 1981-жылдын планына киргизилген.

1980-жылы ал сарык оорусунан Кант шаарындагы ооруканада каза тапкан.

2009-жылы «Агым» гезитине акын Зайырбек Ажыматовдун «Буюккан тагдыр» аттуу эскерүү макаласы менен Ш.Жаңыбаеванын бир топ ырлары жарык көргөн.


=Жарык көргөн китеби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалгыз караан»: Ырлар. – Б.: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын Мамлекеттик мүлк фонду, 2010. – 46 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]