Жаңыбай Кожек уулу

Википедия дан
Жаңыбай, Кожек уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Жаңыбай Кожек уулу (1869, Жумгал — 1942, Токтогул району, Өзгөрүш айылы) — манасчы. Ж-дын эскерүүсүндө анын жети атасы тең (Айдарбек, Сүйүнбай, Сакөчүк, Теңирбай Сары, Жаманкары, Кожек) “Манас” айтып, манасчылык атадан балага өтүп, мурас катары сакталып жана айтылып келген. Ж-дын атасы Кожек эл арасында көбүнчө үчилтиктин экинчи бөлүмү “Семетейди” айтып жүргөндүктөн аны эл семетейчи деп билишчү. Ж. “Манасты” атасы Кожектен үйрөнүп, 16 жашынан айта баштаган. “Манастан” “Көкөтөйдүн ашы”, “Чоң казат” эпизодун жана “Семетей”, “Сейтек” эпосторун толук айткан. Ж-дан жазылып алынган эпостун жалпы көлөмү 19445 сап ыр. Ал “Эр Төштүк”, “Эр Табылды” эпосторун, элдик поэма “Ак Мөөрдү” жана салт ырларын да билген. К. Мифтаковдун жазып калтырган маалыматына караганда Кожектин баласы Матай да атасынан “Семетейди” үйрөнгөн жана айрым эпизоддорун атасынан жакшы билген. Анын айтып берүүсүндө К. Мифтаков 1941-ж. “Семетей менен Чынкожонун жоолашкан себеби” деген эпизодду жазып алган да, окуяны үзбөс үчүн бул үзүндүнү атасы жаздырган эпизодго кошуп 34-номерлүү дептерге киргизген. Бирок, Матай өзү билген эпизодду ыр формасында эмес, кара сөз түрүндө жаздырган. Анткени, айтуучулук өнөрдү өнүктүрүп жүрбөгөндүктөн, эпизоддун мазмунун гана эстеп калып, аны кара сөзгө айлантып айтып калган. Демек, бул көрүнүштүн өзү башка элдердегидей эле эпикалык чыгармаларды мурас катары бир бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы айтып калышын эскертип жатат. Бул кесипчиликтин тукум куучулук салты. Кыргыздарда жомокчулукту түпкү тегинен бери сактап келген манасчы ларды сейрек учуратабыз. Ошондуктан, Жаңыбай Кожек уулунун жети атасынан бери “Манас” айтуу салты — сейрек көрүнүштөрдөн болуу менен кыргыздардын өз эпосун кастарлагандыгынын далили.


Ж. үчилтиктин “Семетей” менен “Сейтек” бөлүмдөрүн айтуу менен атасы сыяктуу эле негизинен эл арасына семетейчи катары таанылган. Ал да өзүнүн “Семетей” айтып калуусун кереметтүү түш көрүү салты менен байланыштырат. “Семетей” айтуудан мурун үч жолу түш көрөт. Түш көргөн сайын үч киши дайыма келип: “Чочуба! Сен “Семетейди” айтасың деп буйрук берип жүрөт”. Ошондон тартып Ж-дын түшүнө “Семетей” эпосунун башкы каармандары кире баштап, Семетей айтуусу күчөйт. Айрым бир окуялардын сүрөттөлүшүнө жана мотивдердин берилишине караганда 5К-дын “Семетейи” башка варианттардан өзгөчөлөнүп турат. Сагымбайдын шакирттеринин, Ысык-көлдүк манасчы жана семетейчилердин, Саякбайдын вариантынан мазмундук жагынан айырмаланып, өзүнчөлүк мааниге ээ экендигин белгилөөгө болот. Ошондуктан, бул семетейчиге башка өрөөндүн манасчы ларынын таасири болгон эместен. Ждын Сагымбай Орозбак уулуна жолугуп, бирге жүрүп ырдашкан күндөрү болгон. Аны менен чыгармачылык байланышы болсо да, Ж-дын варианты стилдик жагынан Сагымбай Орозбаковдун вариантына же Саякбай Каралаевдин варианты нын “Семетейине” же аларга жакын турган манасчы лардын чыгармаларына жакындыгы байкалбайт, алардан таасир алгандыгы сезилбейт. Айрым жыйноочу, изилдөөчүлөрдүн (К. Мифтаков, К. Рахматуллин) пикири боюнча Ж-дын чыгармачылык бөтөнчөлүгүнө карата аны түштүк манасчы лар мектебинин өкүлү катары эсептешет. Бирок, Ж-ды түштүк ареалдын манасчы сы катары эсептөө анчалык ынанарлык эмес. Анткени, Жаңыбайдын жети атасынан бери манасчы болгондуктан таалим алуусу жана үйрөнүү жолу түндүк ареалда өткөн. Түштүк ареалга семетейчи чыгармачылык жактан толук жетилип, калыптанган мезгилде барат. Ушул учурдан тартып анын чыгармачылыгы өөрчүйт. Түштүк ареалдан чыгармачылыгына таасирин тийгизген эч ким болгон эмес. 1936-ж. Фрунзеде өткөрүлгөн эл чыгармачылыгына арналган олимпиадага ЭК. да катышат. К. Мифтаковдун сөзүнө караганда Ж-дын олимпиадада айткан “Семетейи” башка семетейчилердикине үндөшпөгөндүктөн кароонун комиссия мүчөлөрү семетейчинин чыгармасын жалпы салттык үлгүгө салыштырганда анын идеялык мазмуну, көркөмдүк өзгөчөлүгү, башка семетейчилерден болгон айырмачылыгы бар экендигин көрсөтүп баалабастан, үстүртөн гана уйкаштыгы начар деген жыйынтыкка келип, “Семетейин” жокко чыгарышат. Ж-дын сөзүнө караганда аны түштүктөн чыккан семетейчи катары эсептешип, чыгармасын баалабай коюшканын эскерет. Семетейчинин чыгармачылык бөтөнчөлүгүн өз учурунда туура баалай билген жана жазып калууга дилгирленген К. Мифтаковго Ж. макул болуп, 1936-жылдын сентябрь айынан 1937-жылдын март айына чейин 100 басма табак көлөмүндө “Семетейди” толук жана “Манастан” үзүндү жазып калат. “Манас” бөлүмүнөн кара сөз түрүндө “Манастын санжырасы” жана ыр менен кыскача “Манастын балалык чагы” деген эпизоддору гана жазылган. “Манастын санжырасында” кыргыздын таралыш тарыхы жана Манастын ата-тегинин чыгышы жөнүндө айтылат. Жалпы салттык үлгүдө айтылып келген “Манастын төрөлүшү жана балалык чагы” эпизоду бардык манасчы ларда негизинен бирдейликти түзсө, Ж-дын башка манасчы лардан айырмаланып турган жактарын белгилей кетүү керек. Анын айтуусу боюнча Бакдөөлөт байбиче аялы болот. Жакыптын кийинки алган экинчи аялы Чыйырды бала төрөбөгөндүгү үчүн аябагандай азапты Бакдөөлөттөн көрөт. Карып калган ата-эненин көпкө чейин бала көрбөй келгендиги да тийди-качты эскерилет. Ал эми “Манас” эпосунун салтында Жакыптын аялдарынын кереметтүү түш көрүүсү айтылганы менен бул вариантта жалгыз гана Чыйырдыга таандык. Көргөн түшүн Чыйырды Жакыпка айтпастан, тескерисинче, андан жашырын, Шыгайдын байбичеси Сейилканга айтып жорутат. Түштү жоруганда жалпы салтка мүнөздүүМанас баатыр төрөлө тургандыгы айтылат да, сюжеттик өзөк уланып Чыйырдынын талгак болуусу баяндалат.

Кара чаар жолборстун,
Өтү менен бооруна,
Ажыдаардын заарына,
Апакеси Чыйырды
Үч ай талгагы канбас жери бар (Жаңыбай Кожековдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 36-инв., 6-б.)— деп айтылып талгак болуу мотиви кыскача сүрөттөлөт да, Манастын төрөлүшү: “Кан менен жин чеңгелдеп Кабылан Манас башында Как ушундай түштү эле” (Жаңыбай Кожековдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 36-инв., 6-б.),— деп айтылат. Манастын төрөлүшү кеңири пландагы сүрөттөөлөр аркылуу берилбесе да, жогоркудай белгилерине караганда бул манасчы нын ата-бабасынан бери айтып келе жаткан үлгү сакталып, өзүнчөлүк мааниге ээ экендигин көрсөтүп турат. Окуяларды куруудагы мотивдердин талкууланышы жана берилиши, ошондой эле сюжетти өөрчүтүү манерасы аталган кичинекей үзүндү боюнча алганда башка варианттардан өзгөчөлөнөт. Буга караганда аталган вариант манасчы тарабынан алымча-кошумчаларга учурабастан, өзүнүн алгачкы айтылышын сактап калгандай. Эпостун “Семетей” бөлүмү Манастын Бээжинден жарадар болуп келе жаткан жеринен башталат. Семетейчинин айтуусунда Манас жарадар болгондон кийин Бээжинден Таласка аны Кыз Сайкал жеткирип келет. Мында Бээжинге аттанганда Манастын кошуну менен кошо Кыз Сайкал дын да баргандыгы эскерилип жатат. Кыз Сайкал Манас менен кошо келет да, Манастын көзү тирүү кезинде Каныкей экөө биригип күмбөз салдырышат. Күмбөз салдыруу жана аны көркөмдөө, жазуу түшүрүү жагы башка семетейчилердикинен өзгөчө баяндалган. Күмбөз салынгандан кийин ичи кооздолуп, кимге таандык экендигин жаздырууда Манастын аты жазылбастан, кыздын аты жазылгандыгы Каныкей Семетейге айтып берген жомогунда эскерилет.

Семетейдин жарык дүйнөгө келиши башка варианттарда Манас Бээжинге аттанып жатканда төрөлгөн бала болсо, Ж-дын айтуусу боюнча Манас жарадар болуп келе жатканда астынан дубана тосуп чыгып, эркек балалуу болгондугун сүйүнчүлөйт. Ошондой эле бардык семетейчилерге мүнөздүү көрүнүш Каныкейдин Букарга качканы, Семетейдин Букардагы таякесинин колунда чоңоюшу, Семетейдин Таласка келиши, Семетейдин Бээжинге жасаган казаты, Семетейдин атасы Манастан калган элди башкарганы, Айчүрөк жөнүндө баян, Семетей менен Чынкожонун жоолашканы, Семетейдин Чынкожо, Толтой менен болгон урушу деген салттык эпизоддорду ичине камтыйт. Буга караганда Ждын “Семетейи” деле башка варианттардан мазмундук жагынан анча айырмаланабастан, бирдей сюжеттик нукта айтылгандыгын баамдоого болот. Эскерилип жаткан окуялар “Семетей” эпосунда эл арасында кеңири тарап, ооздон оозго, атадан балага өтүп келе жаткан салттык туруктуу эпизоддордон экени белгилүү. Башка варианттарда Жакыптын тапшыруусу боюнча Каныкейди Абыкеге тийсин деп арачы болуп Кыргыл барса, Ж-дын-айтуусунда бул милдетти Серек менен Сыргак аткарат. Мында да окуянын жыйынтыгы катуу кагылыш кырдаалдардын негизинде чечилет. Семетей Букарда жүргөндө бир гана Сарытазга эмес үч тазга жолугуп, атасы Манас, жери Талас жөнүндө кабардар болот. Акыры Таласка келип, атасы Манастын алты мүлкүн алат. Бирок, бардык вариаттарында кездешүүчү жана кеңири баяндоого алынган Жакыптын Семетейге уу бергени Ж-да эскерилбейт.

Чынкожого байланыштуу окуяларда анын түбү душман экени эскерилсе да, Манас тууган иретинде Чынкожого өзүнчө айыл бөлүп берет. Бирок, түбүнөн бери келе жаткан көрө албастык сакталып, куйтулугун койбойт. Кийин Манас билип калат да Чынкожону алым төлөтүп кысып коёт. Манас дүйнөдөн кайткандан кийин Чынкожо өзүнчө бийлик жүргүзүп, Каныкейге запкы көрсөтүп, алымын төлөбөйт. Бул жөнүндө Бакай Семетейге эскерткенде аны чакыртышат. Чынкожо келбей коёт. Семетей Бакайды жиберет да, Чынкожонун 12 жылдан бери төлөбөй жүргөн алымын алдырат. Ошентип, эки туугандын ортосундагы мамиле курчуп, бири-бирине болгон араздашуусу, күчөп, жоо болуп калышат. Ал эми Чынкожо менен Толтойдун ортосундагы жакындык мамилени эки баатырдын достошуу мотивин түшүндүрүү жана окуяны куруу жолу бир аз башкачараак нукта өткөн. Анткени, Толтойдун элине кошулуу үчүн Чынкожонун жүргүзгөн жигердүү аракетин башка варианттардан көрө албайбыз. Салт боюнча Айчүрөк менен Семетейге, Күлчоро менен Канчорого байланыштуу окуяларга да кеңири орун берилип, турмуштук жөрөлгөлөрдүн жагдайында эпикалык планда сүрөттөлгөн.

Семетейдин Коңурбайдан өч алуусуна байланыштуу эпизоддо салттык үлгүдөгү окуялар камтылат. Бул эпизоддон айырмачылыктар байкалат. Эпосто көбүнчө каармандардын аткарган милдеттери алмашылып айтылышы Коңурбайды жеңгенден кийин Бакайдын жети жыл кан болушу, аттардын аталышы, окуянын мотивдештирилиши жана башкалар көрсөтүүгө болот. Ж-дын аткаруусундагы “Семетей” эпосундагы салттык каармандардын алмашылып калгандыгын айтпай кетүүгө болбойт. Мисалы, Сейтек Семетейдин баласы эмес Көкчөнүн баласы делет. Салттык түрдө айтылып келген Үмөтөйдүн ордуна Сейтектин айтылышы башка семетейчилерде кездешпейт. Ж. жашаган региондо андан башка семетейчилерден жазылып алынган материал жоктугунан, сөзсүз ушул тараптын мектебинин салттык багыты ушундай деген жыйынтыкка келүү кыйын.

Семетей Тайбуурулду Көкчөнүн уулуна бербейт. Тескерисинче, Канчоро Тайбуурулду кызыл май кылып, кандуу кармашта жүрбөй калат. Мына ушул мотив Семетейдин өлүмүнө, Канчоронун абалдан пайдалануусуна алып келет.

Ж-дын “Семетейинде” окуя түзүү жагынан алганда анын композициясында согуштук сценалар анча кеңири орун албастан, элдин жай турмушу, сезим күрөштөрү, көргөн оор кыйынчылыгы сыяктуу турмуш көрүнүштөрүнө өзгөчө көңүл бурулган. Балким, Ж-дын таалим алган нускоочусу атасынын чыгармачылыгы ушул багытта, өздөрүнүн бүлөлүк салтында ушундайча айтылып келген болуу керек. Ушундай көрүнүштөргө карабастан “Семетей” эпосунун жалпы сюжеттик нугу өзгөрүлбөстөн сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4