Жаңыл Абдылдабек кызы
Көрүнүш
Абдылдабек кызы Жаңыл | |
| |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: | |
Өлгөн датасы: | |
Өлгөн жери: | |
Чыгармаларынын тилдери: |
Жаңыл Абдылдабек кызы (1947-2021[1]) — жазуучу жана изилдөөчү[2].
Ал 1947-жылы Кемин районунда туулган[3].
Жаңыл Абдылдабек кызы 1969-жылы Политехникалык институтту аяктаган соң, Кыргызстандын алгачкы маалыматтык технология адистеринин бири болуп иштеп баштаган. Ал үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комиссиясын жетектеген[3].
Атасы Абдылдабек Тайгүрөңов белгилүү тарыхый инсан Шабдан баатырдын небереси болгон. Жаңыл Абдылдабек кызы чоң атасынын архивин сактап, тарыхый материалдарды изилдөө ишине чоң салым кошкон, анын ичинде Жантай хан, Шабдан баатыр жана Атаке бий тууралуу маалыматтарды изилдеп, байыткан[3].
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Шабдан баатыр: Доорлор тогошуусу[4], (роман) Бишкек: Турар (2020) ISBN: 9789967350038
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Коомдук ишмер Жаңыл Абдылдабек кызы дүйнөдөн кайтты, Азаттык үналгысы (7.1.2021).
- ↑ АселДаниярова Бул баян турмуштагы эң чоң вазийпасын аткарып кеткен жаңыл абдылдабек кызы жөнүндө. Санжарбек Данияровдун Фонду (16.05.2022).
- ↑ 3.0 3.1 3.2 Жаңыл Абдылдабек кызы дүйнөдөн мезгилсиз кайтты, ПолитКлиника.
- ↑ АйнагүлКашыбаева Шабдан баатыр жөнүндө жаңы китеп жарык көрдү. КутБилим.