Жаңы-Жер тоосу

Википедия дан

Жаңы-Жер тоосуИчки Тянь-Шанда Мүдүрүм менен Жаңы-Жер өрөндөрүнүн аймагында. Борколдой тоосунун батыш уландысы. Уз. 104 км, туурасы17 км. Көбүргөдү-Бел менен Келин-Тайгак өрөөндөрү менен батышка Кынды ашуусу Үйүрмө өрөөнүнө чейин созулот. Орточо бийиктиги 4000 м, эң бийик жери 4844 м.

Тоонун аймагы девон жана сланец, кумдук аки таш тектеринен түзүлгөн. Батышка карай жапыздайт, капталдары өрөөндөр (Кең-Суу, Кашка-Суу, Ак-Байтал ж.б) менен тилмеленген. Азыр да түндүк бетеринде (Аюу-Төр, Сусар-Төр) мөңгүлөрү бар.

Бийик тоолу талаа (3300-3600 м), субалып (3600-3900 м), алып жана тундура (3900-4200 м) ланшафтары мүнөздүү. Түндүк бетинде арча сейрек өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]