Жаңы-абат

Википедия дан

Жаңы-абатОш облусунун Араван районундагы кыштак. Төбө-Коргон айыл округуна караштуу. Түштүк Фергана каналынын боюнда, деңиз деңгээлинен 620 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 10 км түндүк-батыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 34 км. Кыштак 1928-ж. негизделген. Калкы 1582 (2007); негизинен пахтачылыкта, тамекичиликте эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, соода түйүндөрү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1