Жаңы оңчулдар

Википедия дан

Жаңы оңчулдаревропалык маданиятты кайра жаратуу идеясын көтөрүп чыккан батыштын философторунун, социологдорунун, культурологдорунун ж. б. интеллигенция өкүлдөрүнүн (А. де Бенуа, Ш. Бресаль, П. Виаль, М. Мармен, А. Гобар ж. б.) ар кыл тобу.

Алар европалык маданиятты кризиске учураткан «эски оңчулдарды» сындап чыгышкан. Жаңы оңчулдар антидемократтык позицияларды ээлешкен, европалык рационалдуу философиянын прогрессивдүү идеяларынан баш тартышкан, христиан динине чейинки Европага кайра кайрылууга чакырышкан, адамдардын тубаса теңсиздиги тууралуу идеяны жайылтышкан, адилеттик идеясына каршы чыгышкан. Жаңы оңчулдардын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты болуп европалык коомду жана анын маданиятын кризистик абалдан чыгаруу эсептелген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]