Жданко Татьяна Александровна

Википедия дан

Жданко Татьяна Александровна ― этнограф-тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, профессор, каракалпак элинин этникалык тарыхы, этногенези, салттуу маданияты, философиялык-диний түшүнүктөрү, фольклору боюнча ири адис, өз күч-кубатын, билимин караклпак элине арнаган таанымал окумуштуу-этнограф. Орто Азия элдеринин этнографиясын изилдеген 20 ашуун илимдин кандидатын, докторлорун даярдаган устат-илимпоз. 1909-ж. Украинанын Елизаветград (Кировоград) шаарында аскер адамынын үй бүлөсүндө туулган. Атасы орус армиясынын генерал-лейтенанты, биринчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу болгон. Атасы каза болгондон кийин үй бүлөсү жашоодогу кыйынчылыктарга кабылышат. Т.А.Жданко 1930-ж. № 1 Москва университетинин тарых-философия факультетин аяктап, 1931-ж. тартып, Самарканддагы Борбордук Музейге илимий кызматкер болуп эмгектене баштайт. 1936-ж. тартып СССР элдеринин Москвадагы Музейинде улук илимий кызматкер, Самарканд шаарындагы областык Музейде улук илимий кызматкер, 1944-ж. тартып МГУнун этнография кафедрасында лаборант болуп эмгектенет. 1947-ж. "Родо-племенная структура и расселение каракалпаков низовьев Амударьи в XIX - начале XX в." аттуу темада кандидаттык диссертациясын коргойт. Ошол эле жылдан СССР ИАсынын Этнография институтунда Орто Азия жана Казакстан секторун жетектейт. 2007-ж. 97 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Негизги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Патриархально-феодальные отношения у полуоседлого населения Средней Азии" (1957),
  • "Народное орнаментальное искусство каракалпаков" (1958),
  • "Новые материалы по патриархальным пережиткам в земельно-водной общине Средней Азии" (1959),
  • "Проблемы этногенеза каракалпаков" {1960),
  • "Проблема полуоседлого населения в истории Средней Азии и Казахстана" (1961),
  • "Номадизм в Средней Азии и Казахстане" (1968) ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015