Жебилге

Википедия дан

Жебилге – живопись техникасынын ар кандай жана көп түрдүү талаптарына атайын ыңгайлаштырылган сүрөтчүнүн эң маанилүү аспабы. Жасалыш материалына карай Ж. катуу (жоон кылуу), жумшак (күзөн, кашкулак, бука, эчки, тыйын чычкандын терисинен жасалган, узатасынан жасалган ж. б.); формасы боюнча – жалпак жана тегерек, учтуу жана шуштугуй эмес; кылынын узундугуна карата – кыска жана узун болуп бөлүнөт. Ж-нин көлөмү станоктук живопись үчүн 24кө чейин жеткен, көбүрөөк жуп сан менен белгиленген атайын номер менен адаттан тышкары, атайын аталыштар (мисалы, Флейц) менен берилет, гравюрада өзгөчө зым жана айнек Ж-лер колдонулат. Кээде (көбүнчө графика жаатында) Ж. термини аткарылыш ыкмасына (мисалы, кургак) көрсөтүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]