Жедигерова Сара

Википедия дан

САРА ЖЕДИГЕРОВА[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лейлектин Уркуясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сара Жедигерованын ысымы Союз убагында эле легендага айланган, Лейлек жергесинин тарыхый инсандарынын бири. Аялзатынын ичинен чыккан алгачкы жетекчилердин бири, өз кезегинде "Лейлектин Уркуясы" деген урматтуу ысым алган.

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сара Жедигерова 1922-жылы Лейлек районунун Ак-Суу айылдык Округунун аймагындагы Кара- Камар айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Өз мезгилинин алдыңкы адамдарынан болгон ата-энесинин камкордугу менен сабатсыздыгын жоюп, айылда алгачкылардан болуп кат тааныган. "Буудайдын барар жери - тегирмен, кыздын барар жери - кайын журт" демекчи, бой жетип, 1939-жылы ушул эле айылдык Жедигеров Төрөбай аттуу жигитке турмушка чыгып, чоң турмуштун астанасын аттайт.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1939-1940-жылдары аталган айылдагы “Жолдоштук" колхозунда эсепчи болуп эмгектенет. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш оту тутанып, күйөөсү Төрөбай кан күйгөн алааматка аттанып, тилекке каршы согуштан кайтпай калат. Тылдын оор жүгүн көтөрүшкөн кары-картаң, кыз-кыркын, чиедей болгон жаш балдардын башын бириктирип, Сара Жедигерова 1941-жылдан 1945-жылга чейин "Жолдоштук" колхозунун башкармасы болуп, кабагым-кашым дебестен, камчы салдырбай иштейт.

Партиялык кызматтарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеңиш желегин желбиреткен 1945-жылдан тартып партиянын райондук Комитетинде инструктор болуп эмгектенип, 1946-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланат.

Айылдагы алгачкы авто унаа[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1947-жылы улуу инсан - Исхак Раззаков менен жолугушуп, бет-маңдай олтуруп баарлашып, ал кишинин жардамы менен "Жолдоштук" колхозуна жүк ташуучу бир автомашина алып келет. Машинаны Пролетарск станциясынан Саматов Пазыл аттуу жигит айдап келип, колхоздун жүгүн ташып, элдин оор жумушун жеңилдеткен. Ал негизинен айылдан Сүлүктүгө кызыл (дан) ташыган. Сара Жедигерова өз эскерүүсүндө: "Ошол жүк ташуучу кара машина Сүлүктүгө жүктү алып кетип, кайра кайтып келгенче айылдын чоң-кичүү, кары-жашы дебей дөңгө чыгып алып жол тосор элек" — дейт.

Алгачкы кичи ГЭСтин курулушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошол оор жылдары Сара Жедигерова айылдын так ортосунан агып өткөн "Сумбула суусуна кичи ГЭС курса болорун Исхак Раззаковичке түшүндүрүп, анын уруксаты 1947-жылы Кара-Камар айылында тарыхта биринчи жолу "Ильичтин шамы" жанган. Аталган ГЭСти Фрунзе (Бишкек) шаарынан Иван, Саша аттуу инсандар келип, элдин жардамы менен куруп беришкен.

Ак эмгектин үзүрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сара Жедигерова 1950-жылы Фрунзеге Жогорку Кеңештин сессиясына барып, партиянын Кара-Суу райондук Комитетинин биринчи катчысы болуп турган Бектемиров Ысмайыл аттуу жигит менен таанышып калып, ага баш кошуп турмуш курган. Үч уул, эки кыздуу болгон. Перзенттери баарысы жогорку билимдуу өз алдыларынча очор-бачар болуп кетишкен. 1990-жылдан тартып Өзгөн шаарында жашаган. Айтылуу "Лейлектин Уркуясы", эмгеги элге сиңип, ысымы тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калган. Сара Жедигерова 2010-жылы 88 жашында урпактарынын кашында каза болгон.