Жедирмек

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—4 киши.

Оюн аянтчада жана бөлмөдө да өткөрүлөт.

Оюнда чүкөлөр колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катышуучулар өздөрүнүн чүкөлөрүн белгилешет же боёлгондон кийин бирден чүкөлөрүн жерге коюшуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат. Чүкөнү өкчөө менен оюнчулардын кезеги аныкталат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кезектеги оюнчу, жердеги чүкөлөрүн колуна алып, чайкап аралаштыргандан кийин жерге чачып таштайт. Эгерде кимдин чүкөсү «айкүр» болуп түшсө, жердеги чүкөлөрдүн бардыгын утуп алат. Андан кийин кайрадан оюнчулардан бирден чүкөлөрдү чогултуп оюнду улантат. Эгерде «таа» түшсө, ал оюнчу «чеги» жана «бөрү» болуп түшкөн чүкөлөрдү утуп алат. Оюндун кезеги бузулбайт. Эгерде «чегинен» түшсө, «бөрү» болуп түшкөн чүкөнү утат. Эгерде «бөрү» болуп түшсө, чүкөлөр утулбайт. Оюндун кезеги, кийинкисине өтөт. Чүкөлөрүн уттурган оюнчулар, жердеги чүкөлөрдүн санын толуктап турушу керек. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Көп сандагы чүкөлөрдү уткан оюнчу жеңет.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине тоскоолдук кылууга, ташталган чүкөлөрдү түздөөгө, ордунан жылдырууга, чурулдоого болбойт,

Оюндун педагогикалык маанисин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыймылдарды так аткарууга, чындыкка, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]